90 млрд киреше. Өкмөт бир катар салыктарды көбөйтүүнү көздөйт

Депутат Дастан Бекешев телеграм-каналында министрлер кабинети чоң максат коюп жатканын айтып чыкты — алар бюджеттин кирешесин 90 млрд сомго көбөйтүүнү көздөйт.

Бекешев минкаб бул каражатты бир катар салыктарды көбөйтүү жолу менен алып келүүнү пландап жатканын түшүндүрдү.

«Мүлккө, кыймылдаткычынын күчү үч кубметрден жогору болгон унааларга, ошондой эле турак-жайга болгон салыктар жогорулайт. Кытайдан жүк ташуу агымы көбөйөт, анын эсебинен бажы төлөмдөрү жогорулайт. Салыкты тескөөнүн жардамы менен айрым салыктык жыйноолор өсөт», — деп айтып өттү Бекешев.

Мындан тышкары, 27-октябрда парламент депутаттары «2021-жылга республикалык бюджет жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

«Азаттык» басылмасы депутаттар бюджеттин долбооруна эч кандай сын айтпай кабыл алганын айтышты.

«Январда эле Кыргызстандын өкмөтү ИДПнын 5% өсүүсүн күткөн, бирок күзгө жакын 5.3%дан ылдый түшүрбөй кармап турганга аракет кылабыз деп айтып калды. Бирок ал дагы болгон жок. 2020-жылдын жыйынтыгында экономиканын өсүү деңгээли 8,6% га түшүп, акыркы 20 жылдагы эң жаман жыйынтык болуп калды», — деп билдиришти басылмадан.