Алмасбек Абытов президенттин жана минкабдын өкүлү болду

Президенттин администрациясынын маалымат кызматы Алмасбек Абытов президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалганын кабарлады. Буга чейин ал минкабдын ыйгарым укуктуу өкүлү болчу, ал эми президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын Анарбек Калматов аркалап келген.

Алмасбек Абытов. Сүрөт: Акипресс.

Тийиштүү тескемеге президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду.

Алмасбек Абытов 2019-жылдын 30-июлунда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги атайын өкүлү болуп дайындалган. Буга чейин ал 2015-жылы «Ата-Журт» партиясынан депутат болгон.