«Ата-Түрк» паркында мыйзамсыз курулуш башталды

«Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева Бишкектеги эң чоң парктардын биринде — «Ата-Түрк» паркында котлован казыла баштаганын айтты. Парктарда курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган.

«Жардамга!!! Өкмөттүн сейил бактарды көбөйтүү боюнча программасына, президенттин буйругуна карабай, “Ата -Түрк” паркынын аймагында котлован казыла баштады. Сейил бактарды кичиртүү менен каяктагы көбөйүү? Шаардыктар! Паркты сактап калалы! Мэрияга жардам бергиле!», — жеп жазды ал.

«Ата-Түрк» сейил багы республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кирет —бул парк «Тарыхый-маданий мурастар» мыйзамы менен корголот деген сөз. Мындан сырткары, парктарда капиталдык курулуш жана турак-үй салууга Жер кодексинин 78-беренеси менен тыюу салынган.

«Ата-Түрктүн» аймагынын үчтөн бири чиновниктер менен депутаттарга үй куруу үчүн мыйзамсыз берилгенден кийин дагы Бишкектеги эң ири парктардын бири бойдон калууда. Анын ичинде особняктар гана эмес, анча бийик эмес үйлөр, ал тургай көп кабаттуу турак үйлөр да курулган. Бишкек мэриясы шаардын түштүгүндөгү жаңы жашыл аймак мыйзамдуу түрдө «Ата-Түрк» паркына карайт жана ал мындан аркы курулуштарды алдын алуу үчүн курулган деп билдирген.

Учурда «Ата-Түрк» паркынын аймагында Токтоналиев жана Масалиев көчөсүндөгү «Ынтымак 2» жана Масалиев көчөсү менен Тынчтык проспектисиндеги «Ынтымак» паркы, ошондой эле «Сүйүү паркы», 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда адамдарды ажалдан арачалайм деп каза тапкан ыктыярчы-студент кыздын ысымы ыйгарылган «Адинай» паркы орун алган.

Тема боюнча: Коомдук парк бай бизнесмендердин шаарчасына кантип айланып калды?

Дарактардын ордуна курулган хан сарайлар. Бишкек бийлиги Ататүрк паркынын 30% көбүн кантип жок кылган? Kloop.kg менен OCCRPнин иликтөөсү