«Кара далы болуп кетпесин». Эл өкүлдөрү мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 27-октябрдагы отурумунда Кыргызстандагы мугалимдердин айлыгы качан көтөрүлөрүн айтты.

Депутат Абдывахап Нурбаев «кыздар кара далы болуп кетпеши үчүн, быйылкы 2022-жылы мугалимдердин айлыгын 1-2 эсе көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк барбы» деп суроо салды. Ал мындай кеби менен чиновниктин мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз деп жакын арада эле берген убадасын эсине салды: анда Жапаров айлыктарды «кыздар кимге турмушка чыгасың десе, мугалимге дегиче токтобойбуз» деп айткан болчу.

Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, минкаб төрагасы жыл сайын кыздар арасында кимге турмушка чыгасың деген сурамжылоого «биринчи кезекте мугалимге, андан соң архитекторго» деп жооп берген Финляндияны мисал келтиргенин айтты. Жана Кыргызстан дагы ушундай деңгээлге жетет деп үмүт кыларын кошумчалады.

Видео:Kloop.kg YouTube каналы.

«Биринчи кварталдын жыйынтыгында [2022 -жылдын], 1-апрелге карата мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият жана илимий кызматкерлердин айлыгын көтөрөбүз. Эки эсе же 50%габы – биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча аныкталат», — деп сөз берди ал.

Чынында, чиновник Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, республикадагы педагогдордун 85% аялдар экенин эсине алган жок. Алардын 8%ы гана директорлор жана окуу жайдын жетекчисинин орун басары.