«Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй». Сузак милициясынын версиясы эмнеге күмөн жаратат?

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевдин үстүнөн БШКга арыз түшкөн. Анткени атайын кызматтын башчысы шайлоо өнөктүгү маалында айылдашы Барпы айылынын тургунуна турак жайдын ачкычын тапшырган. Шайлоо мыйзамынын 28-беренесинде талапкерлер жана алардын жакын туугандарына кайрымдуулук менен алектенүүгө тыюу салынат.

Шайырбек Ташиев шайлоого №14 Жалал-Абад шайлоо округунан талапкерлигин көрсөткөн. Ташиевдер туулуп-өскөн Сузак районундагы Барпы айылы аталган аймакка кирет.

БШКнын жумушчу тобу арызды кабыл алып, ишти тергөө үчүн ИИМге жөнөткөн. 26-октябрда Жалал-Абад ОИИБиден Сузак райондук милициясына таянып, үйдү Камчыбек Ташиев эмес, ишкер Абдимиталип Мамитов жана айыл тургундары куруп беришкенин билдиришти.

Ал эми ачкычты УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев тапшырганын, «ошол учурда айылда болгондуктан тургундардын суранычы менен тапшырган» деп түшүндүрүштү.

Милиция эмнелерге көңүл бурган эмес?

22-октябрда Камчыбек Ташиевге караштуу «Регион» телеканалы ал Барпы айылындагы Муратовдордун үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү үй тапшырганын баяндаган сюжет жарыяланган. Анда Муратовдор турак жайга муктаж болгондуктан айыл аксакалдары Ташиевге кайрылганы айтылган. Натыйжада эки айдын ичинде аталган үй-бүлө үчүн турак жай курулган.

«Мына үйдүн ачкычы, ушунун баары сага [...] Аксакалдар, силердин уруксатыңар менен ушул үйдү салып берип, өткөндө мен дубаңарды, батаңарды алдым эле. Анан кийин огородду бөлүп берип ушул балага берип жатабыз. Эми ушул жерден көгөрүп өссүн, өнсүн. Уруксат берсеңиздер тапшырып коёюн», — деген Ташиев үйдү тапшыруу аземинде.

Андан кийин аксакалдар Ташиевге бата беришкен. Ал эми үйлүү болгон тургун Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирип, ниетине жеткенин айткан.

Барпы айылынын тургундарынын бири Абубакир Кадыров бул үйдү Камчыбек Ташиев «өз жанынан салып бергенин» билдирип, ал «үйгө муктаж болгон адамдарга да салып берүүгө даяр» экенин белгилеген. Ал эми «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов үй УКМКнын төрагасынын эсебинен салынганын бышыктаган.

«Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айылындагы муктаж үй-бүлөгө өз каражатынан турак жай куруп берди», — деген жазуу менен Рахманов фейсбук группаларга жогорудагы сюжетти бөлүшкөн.

Анткен менен Жалал-Абад ОИИБден эмне себептен милициянын версиясы «Региондун» сюжетиндеги маалыматка дал келбешине комментарий бере алышкан жок.

«Башында маалымат түшкөндө биз текшерүү жүргүздүк, анын жыйынтыгын бердик [...] [Маалыматтар бири-бирине] туура келбей жатат дегенди биз чече албайбыз, аны чече турган органдар бар. Текшерип беришти, маалыматты бердик», — деди «Клоопко» облустук милициясынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев.

Ошондой эле Жээнтаев ишкер Абдимиталип Мамитов тууралуу кенен маалымат бере алган жок.

Шайырбек Ташиев. Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

Милициянын версиясын талапкер Шайырбек Ташиев да тастыктап жатат. Ал Vesti.kg басылмасына курган маегинде Барпыдагы үйдүн курулушуна алардын үй-бүлөсүнүн тиешеси жоктун айткан.

«Анын [Абдимиталип Мамитов] биздин үй-бүлөгө тиешеси жок. Менин агам [Камчыбек Ташиев] айылга келгенде аны элдин жана курулушка негизги каражаттарды сарптаган ишкердин атынан ачкычтарды тапшырууну суранды», — деди Шайырбек Ташиев.

Ошол эле учурда «Регион» телеканалынын материалында ишкер Мамитов тууралуу бир да сөз болгон эмес. Мындан улам милициянын жана Ташиевдердин версиясы күмөн жаратпай койбойт.

Ал эми БШКнын басма сөз кызматынан Шайырбек Ташиевдин үстүнөн түшкөн арыз боюнча жумушчу топ «мыйзам бузуу аныктаган жок» деп «Клоопко» билдиришти. Ошондой эле Боршайкомдун кезектеги отурумунда бул маселе каралып, анда акыркы чечим кабыл алынаарын белгилешти.

Боршайкомдун шайлоочулардын тизмеси тууралуу базасындагы маалыматка ылайык, 53 жаштагы Абдимиталип Мамитов Сузак районуна караштуу Жар-Кыштак айылында каттоодо турат. Ал эми Юстиция министрлигинде Мамитовго катталган компанияларды табууга мүмкүн болгон жок. Мындан улам ачык булактардан анын чындыгында ишкер болгонун да тастыктай албадык.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиевдин бир тууган иниси шайлоого катышуу үчүн арыз берди