COVID-19: Эки киши каза болду, 81 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 30-октябрда өлкөдө коронавирустун 81 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Чүй облусунда — 29;

Бишкек шаарында — 27;

Ысык-Көл облусунда — 13;

Жалал-Абад облусунда — 3;

Талас облусунда — 4;

Баткен облусунда — 2;

Ош облусунда — 2;

Ош шаарында — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 75 бейтап айыгып, эки киши каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, көз жумгандар эмдөөдөн өткөн эмес.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 181 186га жетти. Оорудан 175 568 бейтап айыгып, 2 668 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 719 бейтап ооруканаларда, 711 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.