Секс тууралуу биринчи видеоподкаст: Кыздык белги тууралуу уламыштар

Эгерде кыз күйөөгө тийгенге чейин сексуалдык катнашта турса, анда ал «жалап» атка конот. Эгерде эркек бала бир нече кыз менен сексуалдык катнашта болсо, анда ал «баатыр». Кыздар бала кезинен кыздыгын жоготпоого үйрөтүлөт.

Бирок кыздык белги бул ойлоп чыгарылып, биздин аң сезимибизге сиңип калган нерсе. Мындай түшүнүктүн кесепетинен, маалыматтын жетишпегендиги көптөгөн үй-бүлөлөрдүн бузулушуна алып келет. Кыздык белгинин уламыштары тууралуу биздин видеоподкасттын биринчи чыгарылышында талкуулайбыз.

Биздин коомдо секс тууралуу айткан адам уяткарат. Бул ар түрдүү көйгөйлөргө алып келет: жыныстык жугуштуу оорулардан тартып, аялдарды негизсиз күнөөлөп, кемсинтүүгө чейин жетиши мүмкүн.

Биз жыныстык ден-соолук, карым-катнаш тууралуу кыргыз тилинде биринчи видеоподкаст чыгарып жатабыз.

Биздин биринчи чыгарылышта кыздык белгиге байланыштуу болгон негизги мифтерди талкуулайбыз.

Эгерде биздин подкастты угуп же көрүүгө убактыңыз жок болсо, төмөндө негизги ой-пикирлер жазылган:

  • Кыз кыздык челин тикелей мааниде жогото албайт
  • Кыздык чел биротоло жыртылып калбайт. Бул тешик пайда болуучу чүпөрөк эмес. Кыздык белги кыз дүүлүккөндө чоюулат, аны жоготконго мүмкүн эмес.
  • Биринчи жолу эркек менен кошулганда — кан кыздык чел айрылгандан пайда болбойт. Эгерде кыз кыйналып, оорутуп жатса, анда ал жетиштүү түрдө дүүлүккөн эмес. Мындай секс кызга азап гана алып келет.
  • Кыздык чел кыз менен өмүр бою калат, бир гана анча байкалбай калат.

Суроолоруңуз же окуяларыңыз болсо комментарийге жазып же шилтеме аркылуу анонимдүү түрдө жөнөтүңүз: