Ысык-Көл: 50 тоннадан ашуун тоо-кен концентратын мыйзамсыз чыгарууга аракеттенгендер кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 29-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасынан тоо-кен концетраттарын мыйзамсыз чыгарып жаткан үч оор жүк ташуучу унааны кармады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, концентраттар калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган. Алар аймактагы кайра иштетүүчү заводдон алынган.

УКМКнын кызматкерлери оор жүк ташуучу унааларда кароо жүргүзүп, анын ичиндеги жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттери жасалмаланганын аныктаган. Буга байланыштуу унаалар УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын аймагына киргизилди.

Учурда окуя боюнча «Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

«Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кендерди иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти УКМКдан.

Жылдын башында Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев «ГИК Кайди» кытайлык компаниясы Оштун Чоң-Алай районунан 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарууга аракеттенип жатканын билдирген. Анын айтымында, ар бир фурага 4 тоннадан чийки зат жүктөлгөн.

Ошондой эле, Бердиев бул жүк Каржы полици тарабынан кармалып, сотко чейинки өндүруш жүргөнүн кабарлаган. Ал эми Бажы кызматы тергөө жүрүп жатканын тастыктап, бирок концентраттар мекеменин көзөмөлүндө болгонун ишендиришкен.

Арадан сегиз ай өтүп, 22-сентябрда, Бердиев «ГИК Кайди» алтын концентраттарды «Достук» өткөрмө пунктунан чыгарып кеткенин маалымдаган. Депутат муну коррупция менен байланыштырып, текшерүү жүргүзүүнү талап кылган.

Анткен менен Бажы кызматы кытайлык компания «мыйзамдуу түрдө лицензия алып», алтын концентраттарды чыгарып кеткенин билдирген.