Коронавирустун жаңы 68 учуру катталып, бир киши каза болду

Республикалык ыкчам штабдын 1-ноябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун 68 жаңы учуру катталып, бир адам каза болду.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары – 44;
  • Ысык-Көл облусу - 13;
  • Ош шаары - 4;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Чүй облусу – 2;
  • Баткен облусу - 1;
  • Нарын облусу - 1.

Ошондой эле, өткөн суткада 70 бейтап ооруканадан айыгып чыкты — айыккандардын жалпы саны 175 716 адамды түздү.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 181 327 адам коронавирус жуктуруп, 2672 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө 709 бейтап ооруканаларда, ал эми 707 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 1-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны 1966 адам алды. Анын ичинен биринчи дозасын 951 адам, ал эми экинчи дозасын 1015 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.