Москванын вокзалында түнөп жүргөн кыргызстандык аял мекенине жөнөтүлөт

Эмне болду эле?

«Адамдар» коммерциялык эмес уюмунун ыктыярчысы Вероника Никонова Tik-Tok-каналына кыргызстандык аял тууралуу видео жүктөдү. Анда кош бойлуу аял акысыз ысык тамак ичүү үчүн келген. Анын айтымында, күйөөсү үйүнөн кууп чыккан, ошол себептүү вогзалда түнөп жүргөн.

Ошондой эле, ал документтерин калтыбына келтирүү үчүн элчиликке кайрылганын, бирок 10 миң рубль талап кылып жатышканын айткан. Андай сумма анда болгон эмес.

Видео: Kaktus.Media

Элчилик эмне дейт?

Москвада үй-жайы, акча-тыйыны жок көчөдө калган кыргызстандык кош бойлуу аял тууралуу видео интернетке тарагандан көп өтпөй, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жакын арада аны мекенине жөнөтөбүз деп билдирген.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, консул элчиликтин юристтери менен бирге видеодогу кыргыз жаранын таап, сөзгө тарткан. Алар сүйлөшүү учурунда вогзалда түнөп жүргөн аялдын паспорту бар экенин жана Кыргызстандын элчилигине эч качан кайрылбаганын аныкташкан.

Консул менен сүйлөшүү учурунда ал беш айлык боюнда бар экенин айтып берген.

Кош бойлуу аялды бир тууган агасы аркылуу табышкан. Агасы анын паспорту бар экенин тастыктаган. Анын айтымында, ысык тамак ичкени келген кыз тууралуу видео тарап кеткенден кийин карындашын Ярослав вогзалынан алып кетип, Москванын Люблино районундагы батирге жайгаштырган. Ал жакын арада бир тууганын Кыргызстанга жөнөтүүгө ниеттенип жатат.

«Күбөлөрдүн айтымында, 26 жаштагы кыргызстандык кыз “туура эмес жашоо образында” жашайт. Мурда Москванын социалдык кызматынын жардамынан баш тарткан», — деп кошумчалады элчилик.