Шайлоо-2021: Ошто директордун үстүнөн даттанган мугалимдер прокуратурага кайрылышат

Барпы Алыкулов атындагы мектептеги №5306 шайлоо участогу. Сүрөт: «Клооптун» байкоочулары

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектептин директору Бегайым Юлдашеванын үстүнөн түшкөн арыз боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартты. Ал УШКда мүчөлүк кылган мугалимдерге «административтик ресурс колдонуп, басым жасоого» айыпталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын даттануулар жана бузуулардын реестриндеги маалыматка ылайык, арыз 23-октябрда түшкөн. Арыз ээлери мугалимдер, аны менен катар алар мектепте жайгашкан №5306 участкалык шайлоо комиссиясында иштеп жатышкан.

Замира Жусупова №5306 УШКнын төрайымы, ал эми Пашагүл Токтомушева комиссияда катчы. Мугалимдер Юлдашева аларга «буга чейинки шайлоолордо жана Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык башталгандан тарта басым жасап келгенин» айтышкан.

«Атап айтканда, Юлдашева аталган шайлоо комиссиянын ишмердүүлүгүнө дайыма кийлигишип, директор катары койгон талаптары аткарылбаса №5306 УШКнын мүчөлөрүн кызматтан четтеттүү менен коркутуп келгени белгиленген», — деп берилет БШКнын маалыматында.

Ош ШИИБи «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Тергөө маалында башка мугалимдер, директор жана арыз ээлери суракка алынганы айтылат.

Суракта башка мугалимдер Юлдашева тарабынан басым болбогонун айтышкан. Ал эми директор Жусупова жана Токтомушевага эскертүү бергенин, бирок ал мектептеги иштерге байланыштуу экенин белгилеген.

БШКнын маалыматы боюнча, директордун үстүнөн даттанган Жусупова тосмо арыз жазган. Ал өз көрсөтмөсүндө «Юлдашева менен өз ара пикир келишпестик бар болгонун» билдирип, ага шайлоо маалында басым жасалбаганын айткан.

Ал эми Ош ШИИБи сотко чейинки өндүрүштү «кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу» кыскарткан.

«Иш кыскартылганы тууралуу эч ким кабарлаган эмес»

Ал эми арыз ээлеринин бири Замира Жусупова «Клоопко» иштин кыскартылганы тууралуу кабарлары жоктугун айтты. Ал ошондой эле мектеп директору Бегайым Юлдашева участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү болгон үч мугалимге «шайлоо өнөктүгүн өткөрбөйсүңөр, катышпайсыңар» деп басым жасаганын тастыктады.

«Бир жума болду. Бизди чакырбай койгонунан улам эмне кылып жатканын билбейбиз же “биз ушундай чечим чыгардык” деген жооп келбеди», — деди Жусупова.

Ошондой эле Жусупова «шайлоо учурунда басым болгон эмес» деп тосмо арыз жазбаганын белгиледи. Ал басымга кабылган башка мугалимдер менен биргеликте милициянын үстүнөң Оштун прокуратурасына даттана турганын кошумчалады.

Ал эми Токтомушева сотко чейинки өндүрүш башталгандан тарта алар милицияга бир жолу сурак берип, кийин мектеп директору менен беттештирүү болгонун айтты. Ал билдиргендей, беттештирүү учурунда да Бегайым Юлдашева ага «басым жасаган».

«Ар бир шайлоодо басым болуп жаткан. Кошумча саатым аз болгондуктан [мектептеги] китепканада да иштегенмин. “Эгерде шайлоодо иштей турган болсоң, китепканадагы ишти тапшырасың” деди [Юлдашева] [...] 8-сентябрда китепкананы тапшырууга арыз жазууга аргасыз болдум, азыр аз эле саат менен калдым», — деди Токтомушева.

Мугалимдердин айтымында, Ош ШИИБинин тергөөчүсү аларга сурак протоколун жана иш кыскартылганы тууралуу маалымдама да, чечимдин көчүрмөсүн да берген эмес.

Материал жарык көрөөрдүн алдында Ош ШИИБден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Ош шаарында «Альянс» партиясынын талапкери Жибек Ахмедова «жашыруун үгүт жүргүзүп, добуштарды сатып алууга аракеттенип жатат» делген маалымат «Ынтымак» телеканалында жарыяланган. Ош ШИИБи бул фактыны маалыматты каттоо журналына каттап, териштирүү жүргүзүп жатат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ал эми үгүт иштери 29-октябрда башталып 26-ноябрда аяктайт. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.