«Азаттык» жана «Альянс» «мөөнөтүнөн мурда үгүт жасоо фактысына» текшерилет

Боршайкомдун жумушчу тобу «Азаттык» партиясын жана Ош АШКсы «Альянс» партиясын мөөнөтүнөн мурда үгүт жасоо фактысына текшерет.

Анткени 20-октбярда Фейсбуктун Исламбек Чотобаев аттуу колдонуучу «Азаттык» партиясынын талапкери Бактыбек Калмаматовду колдоп видео жарыяланган.

Анда партиянын алдынкы он талапкеринин тизмедеги номуру менен сүрөтү коюлуп, ал музыка менен коштолгон. Талапкерлердин арасында экс-депутаттар Бактыбек Калмаматов, Жылдызкан Жолдошева, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, легендарлуу парламенттин экс-спикери Медеткан Шеримкулова жана экс-элчи Ибрагим Жунусов бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Руслан Изреков бул факты жумушчу топко жөнөтүлгөнүн «Клоопко» билдирди.

«Бул мөөнөтүнөн мурда үгүт жүгүзүү болот. Мен видеону көрүп, БШКнын маалымат берүү жана үгүт боюнча жумушчу топко жөнөттүм. Алар көрүп өздөрүнүн чечимин чыгарып, чара колдонушат», — деди ал.

«Клооп» Изрековго байланышып комментарий алгандан кийин Исламбек Чотобаев Фейсбукка чыгарган видеосун өчүрдү. Бирок биз скрин кылганга жана видеону сактап калганга үлгүрүп калдык.

Мындан сырткары, Ош шаарында «Альянс» саясий партиясынын талапкери Жибек Ахмедова жашыруун үгүт жүргүзүп жатат делген видео «Ынтымак» телеканалында жарыяланган.

Анда Ахмедова өзүнүн таанышына Whatsapp мессенжери аркылуу чалып, ага добуш берүүгө үгүттөгөн. Ошондой эле, жалызып алынган тасмада талапкердин бир катар убадаларды бергенин угууга болот.

«Партиямдын аталышы “Альянс”, №48 номурдамын. Ар бир кайрылып аткан адамыңа менин атымды, катар номеримди жаттатасың. Канча кол чогултуп берсең, мага отчёт берип турасың. Бошогонуңда мага жазып байланышып тур», — деген депутаттыкка талапкер.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматов аталган факт үгүт иштерине кирээрин ырастаган. Алматов БШКдан үгүт иштерине расмий уруксат берилмейинче үгүт жүргүзүүгө болбой турганын белгилеген.

«Эгерде депутаттыкка талапкер убадаларды берип, катардагы номерин жана аты-жөнүн айтып добуш берүүгө үндөгөн болсо үгүт иштерине кирет. Мындай фактыларга сөзсүз түрдө чара колдонулат», — деген Алматов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ал эми үгүт иштери 29-октябрда башталып 26-ноябрда аяктайт.

Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Тема боюнча:

Экс-депутаттар жана журналист: «Азаттык» партиясынын тизмесинин сап башында кимдер?

Шайлоо-2021: «Альянс» 13 талапкерди ачыктады, съездге дагы кимдер катышты?