БШК талапкер Замир Тургунбаевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы 1-ноябрдагы отурумунда «Социал-демократтар» партиясынын талапкери Замир Тургунбаевди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдугун берүүдөн баш тартты. Тургунбаев Оштун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы.

БШКнын маалыматына ылайык, 29-октябрда БШКга талапкер Тургунбаевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү жөнүндө УКМКдан өтүнүч түшкөн. Бирок «Социал-демократтардын» талапкерлер тизмеси 28-октябрда каттоодон өткөн.

*Шайлоо мыйзамынын 21-беренесинде катталган талапкер, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт деп жазылган.

«Өтүнүчтө талапкер Тургунбаевдин үстүнөн төрт сотко чейинки өндүрүш иши катталганы маалымдалган [...] Тергөөнүн пикири боюнча, Тургунбаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Ошондой эле тергөө маалында чогултулган далилдер Тургунбаевдин күнөөсүн далилдейт деп белгиленген жана сотко өткөнү турат», — деди БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиева.

Кутбердиева УКМКнын өтүнүчүндөгү маалыматка таянып, Тургунбаевдин ден соолугуна байланыштуу тергөө иштери 26-октябрда убактылуу токтотконун белгиледи.

Ал эми БШКнын мүчөсү Анар Дубанбаева УКМК тергөөнү убактылуу токтотуп, ошол эле учурда Тургунбаевди жазык жоопкерчилигине тартуу тууралуу өтүнүч келтиргенин «туура эмес» деп атады.

Отурумга катышкан «Социал-демократтардын» өкүлү атайын кызмат Замир Тургунбаев талапкерлигин көрсөткөнүн буга чейин билген деп билдирди. Ошондой эле ал үгүт иштери жүрүп жатканына жана Тургунбаев ооруканада болгонуна байланыштуу атайын кызматтын өтүнүчүн четке кагууну суранды.

Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топтун сунушун колдоп, атайын кызматтын өтүнүчүн четке какты.

Замир Тургунбаев ким?

Замир Тургунбаев

Тургунбаев 2014-2021-жылдары Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы болгон. Ошондой эле ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо таасирлүү Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.

Аткаминердин тушунда Кара-Суудагы ири «Туратали» базарында 28 млн сомдук жер асты өтмөгү салынган. Өтмөктү куруу иштери башталгандан тарта бир канча көйгөй жаралган.

Анын курулуш иштери бир кечигүү 2019-жылдын ноябрь айында бүткөн. Ал эми суук түшкөндө өтмөктүн шыбынан, тепкичтеринен жамгырдын суусу кирип, жаңы курулушту жараксыз абалга келтирүү коркунучу жаралган. Буга карабастан жергиликтүү бийлик базардын негизги жолуна тосмолорду орноткон — бул соодагерлер менен кардарлар унаа жолдон баспай, жер асты өтмөгүн пайдаланышы үчүн жасалган.

2019-жылдын январь айында экотехинспекция жаңы оңдолгон өтмөк жараксыз абалга кептелип баратканын байкап, Каржы полициясы курулуштун сапатын иликтей баштаган. Ал эми базардагы ишкерлер өтмөк менен пайдалануудан баш тартып, тосмолорду алып салуу талабы менне нааразычылык акциясына чыгышкан. Ордуна барган Тургунбаев тосмолорду алдырткан.

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы үстүбүздөгү жылдын 6-январында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган.

УКМКнын версиясы боюнча, ал Киров айылындагы 720 окуучуга ылайыкталган орто мектептин курулушунда жалпы суммасы 24 миллион сомдон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмүн ашыкча көрсөткөн. Ошондой эле Тургунбаев жеке жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга бергени айтылган.

Ошондой эле атайын кызмат Тургунбаевдин үйүндө тинтүү жүргүзүп, атылбай турган курал таап алган. Ал эми Тургунбаев УКМКнын кызматкерлери анын үйүн тинтүү учурунда апасын жана жаш баласын коркутканына даттанган.

Мындан сырткары ал ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдө жүргөнүн, дарыланып бүткөндөн кийин Ташиев менен жолугаарын билдирип, УКМКнын башчысына «ошондо кааласаңыз мени бышырып жеңиз, кааласаңыз атып салыңыз» деп айткан.