«Мени бышырып жеңиз». Сарай айыл өкмөт башчысы Ташиевге кайрылды

Мунар Сайпидинов, Камчыбек Ташиев, Замирбек Тургунбаев

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Турганбаев 20-ноябрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Бир күн мурда атайын кызмат анын үйүн тинтүүгө алган.

Анын кайрылуусун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунар Сайпидинов инстаграм баракчасына жүктөдү.

Турганбаевдин айтымында, УКМКнын беткапчан, куралчан кызматкерлери апасын жана жаш баласын коркуткан. Ал Ташиевдин мурда «энелер үчүн жасап жүргөн иш-чараларын» эскерип, тинтүүдөн соң «анын энелерди сыйлашына шек санап калганын» айтты.

«Алсыз, 68 жаштагы энемди куралчан кирип барып коркутушуптур. Энесин сыйлаган киши катары сизди сыйлачу элем, 8-марттарда аялдарга чайларды уюштурчусуз. Бирок мен сизден күмөн санап калдым, энесин сыйлаган адам мындай ишке барбайт болчу», — деди ал.

Ал үйүн тинтүүгө «алардын күчү жаш балдар менен аялдарга гана жетип калганбы?» деп суроо салды.

Ошондой эле ал ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүү алып чет өлкөдө дарыланып жүргөнүн айтып, «аны уюшкан кылмыштуу топко аралаштырып жатышканына» нараазы болду. Мындан сырткары ал «айыл өкмөттө таза жана жакшы иштегенин» белгиледи.

«Кызматка келген убагымдан баштап менде же жакындарымда мүлк табылса баарын мамлекетке өткөрүп алыңыз [...] Эч нерсе таппай акыры каяктагы курал-жаракты салып коюшуптур. 2010-жылы сиз куугунтукталганда мен да куугунтукталган болчум, ошондо да курал салып коюшуп, Жогорку соттон актанып келген баламын», — дейт ал.

Ал дарыланып бүткөндөн кийин Ташиев менен жолугаарын кошумчалады. Ошондо «кааласаңыз мени бышырып жеңиз, калаасаңыз атып салыңыз» деди.

Буга чейин 19-ноябрда УКМК Кара-Суунун Савай жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчылары Мунарбек Сайпидинов жана Замир Тургунбаевдин иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзгөн.

Анда акимияттан тинтүү «каржылык иликтөөнүн» негизинде болгонун айтышса, атайын кызмат тинтүү Ошто «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча козголгон иштин негизинде болгонун маалымдаган.

УКМК тинтүү учурунда Сарайдын башчысы Замир Турганбаевдин үйүнөн атылбай турган курал табылып, ал экспертизага жиберилгенин билдирген.

Тинтүүдөн соң Савай айыл өкмөтүнүн башысы Мунарбек Сайпидинов видеокайрылуу жасап, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын айткан.

Сайпидинов — өкүл атасы, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алгандыгы менен коомчулуктун эсинде калган.

Ал эми Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаев коомчулукта 2018-жылы айылдык кеңештин депутаттары анын үстүнөн арызданганда белгилүү болгон.

Эки айыл өкмөт башчы тең 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Матраимовдорго таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого катышкан. Шайлоодогу мыйзам бузуулардан улам мөөнөтсүз митинг башталып, анын жыйынтыгы менен бийлик алмашып, жыйынтык жокко чыгарылган.