Коронавирустун 98 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду

Кыргызстанда 2-ноябрга карата коронавирустун 98 жаңы учуру катталып, 79 бейтап айыгып чыкты. Ал эми эки адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары — 38;
  • Чүй облусу — 36;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Жалал-Абад облусу — 7;
  • Талас облусу — 2;
  • Баткен облусу — 1;
  • Нарын облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 181 425ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 175 795 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2674 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 681 бейтап, ал эми үй шартында 752 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.