Кара-Кечедеги көчкү: Көмүр казуу үзгүлтүксүз уланып жатат

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчкөндөн кийин иш үзгүлтүксүз уланып жатканын, ал казуу иштерине эч кандай таасир этпегенин билдирди.

Басма сөз катчынын айтымында, 3-ноябрда Кара-Кечеде тоо этегиндеги эки жыл мурда иштетилген топурак көчкөн. Анын көлөмү 50 миң кубометрди түзөт.

«Ал эки жыл мурун иштетилген жер болчу. Топурак көлдүн үстүнө кулаптыр. Болгону бир техникабызды топо басып калды», — деди ал.

2021-жылдын 3-ноябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Кече көмүр кенинде саат 13:30дар чамасында көчкү жүрүп, экскаваторду басып калганын билдирген. Министрликтин маалыматы боюнча кырсык болгон учурда техниканын ичинде айдоочусу болгон эмес, жабыркагандар жок.

Ошол эле күнү кенге участкалык комиссия жана ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жөнөп кеткен. Учурда көчкү түшкөн жер тазаланып жатат.

2020-жылдын 14-сентябрында дагы кенде ири көчкү жүргөн. Көчкөн тоонун көлөмү 900 миң кубометр болгон. Жабыркагандар жана каза тапкандар болгон эмес.

Бирок анда көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учураткан. Андан сырткары, унаа жолду тосуп калган.

Кара-Кече — Кыргызстандагы эң ири кендеринин бири. Андагы көмүрдүн кору 400 млн тонна деп бааланат. Кендин аймагында көмүрдү үч компания казат — «Шарбон», «Ак-Жол» жана «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филилалы. Алар көмүр менен Бишкек шаарын, Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Нарын облустарын камсыз кылышат.

Кыргызстан жылына 2,5 млн тонна көмүр жагат. Көмүрдүн негизги бөлүгү Кара-кече көмүр кенинен казылат. Бишкек шаарынын ЖЭБи жылына 1 млн 140 миң тонна көмүр жагат, анын 680 тоннасы Кара-Кечеден жеткирилет.