Кыйноолордун алдын алуу борбору Ош ШИИБинин үстүнөн прокуратурага арызданды

Кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын үстүнөн шаардык прокуратурага даттанышты. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Борбордун Ош облусу боюнча аймактык бөлүм башчысынын милдетин аткаруучусу Улугбек Абдулазимовдун айтымында, 2-ноябрда алар Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында текшерүү жүргүзүшмөк болгон.

Кызматкерлердин бардык керектүү документтери жана коргонуучу буюмдар болгонуна карабастан, шаардык милициянын кызматкерлери аталган топту убактылуу кармоочу жайга киргизбей коюшкан. Мындан улам борбордун кызматкерлеринде ал жерде «кыйноолорду колдонуу жана аны жашыруу мүмкүн» деген шектенүүлөр пайда болгон.

«Убактылуу кармоочу жайдын башчысы тарабынан аталган жайга кирүүгө жол берилбей жаткандыгы тууралуу жеринде акты түзүлүп, арыз жазылган. Ош ШИИБинин жетекчиси текшерүүчүлөрдү төрт сааттан кийин келгиле, ошондо убактылуу кармоочу жайды көгөзөбүз дептир. Бул кызматынан аша чапкандык. Биз мыйзам боюнча каалаган убакта барып текшерүүгө укугубуз бар», — деди ал.

Абдулазимовдун айтымында, Ош облусундагы бардык убактылуу кармоочу жайлар текшерилмек. Аны шаардагы убактылуу кармоочу жайдан баштоо пландалган.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери жогорудагы фактыларды иликтөө өтүнүчү менен Ош шаардык прокуратурасына арызданышты.

Анткен менен Ош ШИИБинин басма сөз кызматы «Клоопко» «текшерүүчү топ убактылуу кармоочу жайга киргизилген жок» деген маалыматты четке какты. Алар КАБУнун басма сөз кызматы тараткан маалыматты «Ош ШИИБинин кадыр-баркына доо кетирүү» деп баалады.

«Текшерүүчү топ Ош ШИИБинин жетекчилиги менен жолугушууга келишкендиктерин айтышкан. Башкармалыктын жетекчилиги пландуу кеӊешмеде болгондуктан аларга мүмкүнчүлүк болсо түштөн кийин келүүнү сунуш кылышкан. Борбордун кызматкерлери макул болушуп, башкармалыктан кетишкен. Убактылуу кармоочу жайга кирүү боюнча сөз болгон эмес», — деп билдирди милициянын басма сөз кызматы.

Кыйноолордун алдын алуу борбору

Кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борбору — бул эркиндиктен ажыраган жана абакта кармалган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле кылууну алдын алуучу көз карандысыз орган.

Аталган борбор ИИМнин, УКМКнын, ЖАМКтын мекемелерин, министрликтерге караштуу мекемелерди, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Мамлекеттик бажы кызматынын мекемелерин, Мамлекеттик миграция кызматынын мекемелерин, жеке менчик балдар үйлөрүн, Диний уюмдардын алдындагы жеке менчик балдар үйлөрүн жана жетим балдарды багуучу, тарбиялоочу мекемелерди текшере алат.