БШК: Мыйзам бузуулар боюнча 34 арыз түштү, төртөө боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалып, үгүт кампаниясы башталган биринчи аптада эле БШКга мыйзам бузууларга байланыштуу 34 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Даттануулар эмнеге байланыштуу?

БШКнын маалыматы боюнча, даттануулардын көбү добуш сатып алуу аракеттерине байланыштуу — 17 кайрылуу. Ал эми 4 даттануу шайлоо алдындагы үгүт шартын бузуу жана шайлоо фонддорун каржылоо тартибин бузууга байланыштуу келген.

Дагы эки даттануу админресурс кыянаттык менен пайдаланылганы жана талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн жалган документ колдонулган ыктымалдыгына байланыштуу.

Дагы бирден даттануу аймактык шайлоо комиссияларынын үстүнөн түшкөн: партия тарабынан талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдөгү бузуулар. Ошондой эле талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берүү тууралуу тергөө органдарынын дагы бир өтүнүчү бар.

Даттануулар кайсы аймакта көп болуп жатат?

Азырынча Бишкек 13 кайрылуу менен алдыда. Экинчи жана үчүнчү орундарда Ош жана Чүй облусу турат (8 жана 7 кайрылуу).

Экиден кайрылуу учуру Жалал-Абад менен Нарын облустарында, ал эми Ысык-Көл жана Баткен облустары боюнча бирден кайрылуу келген.

БШК менен ИИМ кандай чара көрдү?

БШКдан билдиришкендей, 7 кайрылуу маалыматты каттоо журналына алынган. Анын ичинен 5 кайрылуу «номенклатуралык иш», бир иш ОШКнын кароосуна жана дагы бир иш текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Дагы 10 кайрылуу милиция тарабынан КЖБРге катталган. Төрт иш боюнча ИИМ сотко чейинки иликтөө башталды. Ал эми 6 кайрылуу боюнча «кылмыштын курамы жок болгондуктан тергөө токтотулган». Дагы эки кайрылуу ИИМ азырынча карап жатат.

Ал эми БШК жана аймактын шайлоо комиссияларына токтолсок, алар бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөндөргө кат түрүндө эскертүү берген. Алар: Шайырбек Ташиев, Дастан Бекешев, Ормон Нурбек уулу, Нурали Талипов жана Болотбек Бегалиев.

Ошондой эле И. Чотобаев деген талапкерге «шайлоо алындагы үгүт жүргүзүү тартибин жана эрежесин бузганы үчүн» 7 500 сом айып салынган. Ал эми Кудурет Тайчабаров боюнча «мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлүүсү» үчүн «президенттик администрацияга материалдарды жөнөтүү чечими кабыл алынган». БШК «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын башчысын «шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузууга» айыптап жатат.

Шайлоо мыйзамдары бузулган учурда кайда даттанса болот?

БШК мыйзам бузуулар тууралуу Ыкчам чара көрүүчү координациалык тобуна (ЫЧЧКТ) бир нече жол менен кабарласа боло турганын эскертет:

- кыска номер — 1255;

- WhatsApp номери: 0990 02- 12- 55; 0 755 00 2965;

- ишеним телефону — 0312 62-62-46;

- коомдук кабылдама: 0312 66-02-40;

- электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.