ИИМ «Азаттык» партиясы күйүүчү майга «талон таркатты» деген маалыматты текшерет

Борбордук шайлоо комиссиясы «Азаттык» партиясы 4-ноябрда Алай районундагы Гүлчө айылынын тургундарына «күйүүчү майга талондорду таркаткан» деген маалыматты Ички иштер министрлигине жиберди.

БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобуна «Азаттык» партиясы 4-ноябрда Гүлчөдөгү шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөндөн кийин аларга «чай уюштурулганы» тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле, арыз берүүчү партия тургундарга акысыз бензин алуу үчүн талон тартканын айтып, видео тиркеген.

Тасманын автору «Россия Нефть» май куюучу жайында унаалардын кезегин тартып, «бензин куюп берип жатат, булар “Азаттык” партиясыныкы» деп айткан.

«Азаттык» партиясынан БШКга түшкөн арыз боюнча маалыматтар такталып жатканын айтышты.

Ал эми «Россия Нефть» компаниясынын өкүлү Элмурат Назарбеков «Клоопко» курган маегинде жогорудагы маалыматты четке какты. Ал Гүлчөдөгү заправкада унаалардын кезеги «аймактагы күйүүчү майдын тартыштыгынан улам пайда болушу мүмкүн» деп божомолдоп, маалымат такталарын айтты.

«Россия Нефть» компаниясынын негиздөөчүсү Алишер Козуев да шайлоого катышып жатат. Ал «Ата-Журт Кыргызстандын» партиясынын тизмесинде.

*Козуев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» катарында катышкан. Ал эми анын иниси Семетей Козуев Ош шаардык кеңешке болгон шайлоого «Ынтымак» менен катышкан, бирок партия шайлоодон четтетилген.

«Азаттык» партиясы жана студенттер

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган.

Ал эми жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери болушканын сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, 10дон ашуун студент жана мугалимдерден сурак алган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

«Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында стмыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт.

«18 жашка толгон, паспорту бар биздин жарандар кайсы партиянын жолугушуусуна келеби, алардын программасын угабы — бул алардын конституциялык укугу. Мына ушул конституциялык укукту чектебеш керек», — деген Жолдошова.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп билдирген.

Бирок ал жолугушууга «студенттерди мугалимдер алып келгенби же алар өз каалоосу менен барышканбы» деген суроону ачык бойдон калтырды.