Ош ШИИБ: «Азаттыктын» үгүт иш-чарасына жашы жете элек студенттер катышканы аныкталды

Скрин: Ыдырыс Исаковдун Youtube-каналы

«Азаттык» партиясынын Ош шаарынын борбордук аянтында өткөрүлгөн үгүт иш-арасына Ош мамлекеттик университетинин жашы жете элек студенттери катышкан. Бул тууралуу 5-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициядан кабарлашкандай, ОшМУнун мугалимдери өз студенттерин «экскурцияга барабыз» деп алдап, борбордук аянтка алып келген. Аталган маалыматты студенттер сурак маалында айтып беришкен.

Ош ШИИБдин тергөөчүлөрү жалпысынан 15 студент жана сегиз окутуучуну суракка алышкан.

«Алардын [студенттердин] баарынын жашы 18ге толо элек, паспорт ала элек болушкан [...] Тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуу жайдын мугалимдери өз студенттерин буйрук жана алдоо жолу менен борбордук аянтка алып келгендиги аныкталган», — деп берилет билдирүүдө.

Ош ШИИБден «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен ачылган иш жакынкы күндөрү сотко өтөөрүн жана бир нече мугалимге айып тагылганын билдиришти.

*Жоруктар жөнүндө кодексинде бул берене боюнча «белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу» менен 30 миңден 60 миң сомго чейин айып каралган.

«Азаттык» партиясы жана студенттер

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган.

Ал эми жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери болушканын сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергөөнү баштаган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

«Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында стмыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт.

«18 жашка толгон, паспорту бар биздин жарандар кайсы партиянын жолугушуусуна келеби, алардын программасын угабы — бул алардын конституциялык укугу. Мына ушул конституциялык укукту чектебеш керек», — деген Жолдошова.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп билдирген.