Сүйүнчү! Айпери Медет кызы жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду

Айпери Медет кызы

Балбан кыз Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында 23 жашка чейинки кыздар арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду. Ал финалдык беттеште колумбиялык Татьяна Рентерийди 3:1 эсебинде утуп алды.

Медет кызы жалпысынан турнирде 76 килограмм салмакта төрт беттеш өткөрдү.

Ал алгач эквадордук спортчу Женесис Розангеланы жеңип, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда индиялык спортчунун далысын жерге тийгизип, 28 секундда жеңишти багындырып, жарым финалга жолдомо алды. Ал эми жарым финалда америкалык спортчу Кайла Веркелди 8:0 эсебинде утуп финалга чыккан.

Айпери Медет кызы

Спортчу 22 жашта, 2017-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону болгон. Ал 2015-жылы эркин күрөш боюнча жаш кыздар арасында Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынып, бир жылдан соң ушул эле чемпионатта алтын байгени багындырган.

Ал эми 2016-жылы ал Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон. Кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионатында болсо эки жолу күмүш медаль тагынып, 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатында 23 жашка чейинки кыздар арасында коло медалга ээ болгон.

2020-жылдагы Дүйнөлүк кубокто 3-орунду багындырып, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген. Үстүбүздөгү жылдын октябрында өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында спортчу коло медалды багындырган.

Авторлору: Дилде Шатанова, Айбике Адилет кызы