Коронавирустан эки адам каза болуп, 96 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 6-ноябрга карата коронавирустун 96 жаңы учуру катталып, 83 бейтап айыгып чыкты. Ал эми эки адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары — 41;
  • Чүй облусу — 24;
  • Ысык-Көл облусу — 14;
  • Жалал-Абад облусу — 6;
  • Баткен облусу — 4;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу —2;
  • Ош облусу — 2.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 181 764 жетти. Ал эми өлкө боюнча 176 108 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2683 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 616 бейтап, ал эми үй шартында 835 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 6-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны биринчи дозасын 6054 адам, ал эми экинчи дозасын 5925 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.