Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болуп, 66 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 7-ноябрга карата коронавирустун 66 жаңы учуру катталды, үч бейтап каза болду. Илдеттен 77 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 21;
  • Ысык-Көл облусунда — 15;
  • Ош облусунда — 9;
  • Жалал-Абад облусунда — 8;
  • Чүй облусунда — 5;
  • Талас облусунда — 5;
  • Баткен облусунда — 1;
  • Ошшаарында — 1;
  • Нарын облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 181 830га жетти. Ал эми өлкө боюнча 176 185 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 686 адам көз жумду.

Учурда 606 бейтап ооруканаларда, ал эми 829 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 7-ноябрга карата 7 752 COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 3 850 адам биринчи дозасын, ал эми 3 902 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.