Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана ЖМК өкүлдөрүн 7-ноябрь — басма сөз күнү менен куттуктады. Анда ал жаңы конституцияда басма сөз эркиндигине болгон укуктар «бекемделгенин» белгиледи.
Жапаров бийлик менен элдин ортосунда көпүрөлүк милдетти аркалаган басма сөз кызматкерлери өлкөнүн эркиндигин, демократиялуулугун жана ачык-айкындыгын чыңдоого салым кошуп келе жатканын айтты.
Ошондой эле «коомдо болуп жаткан окуялар менен көйгөйлөр ачык-айкын чагылдырылмайын, өлкөбүздү илгери сүрөө кыйын» деп билдирди.
Мындан сырткары, президент журналисттерди өлкөнүн аброюн көтөрүүгө салым кошууга чакырды.
«Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм. Калемиңер курчуп, жазган ар бир маалыматыңар чыгармачыл эргүүдөн жаралып, өлкөбүздүн жакшылыгына, өнүгүүсүнө багытталсын. Эркиндикти туу туткан өлкөбүздө көз карандысыз ой жүгүрткөн, калыс журналисттер көп болсун!» — деп куттуктады ал.
Буга чейин президент басма сөз күнүнө карата кыргыз ЖМКларынын башкы редакторлору менен жолуккан. Анда ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айткан.
Мындан сырткары ал эч бир ЖМКны өзү да, Министрлер кабинети да сотко бербешин убадалаган.
Жапаровдун ЖМКларга болгон мамилесинин өзгөрүшү
Жапаровдун ЖМКларга болгон мамилеси анын саясаттагы ордуна карап кескин өзгөргөн. Ал Алмазбек Атамбаевдин тушунда оппозициячыл саясатчы болуп жүргөндө анын позициясы мамлекеттик маалымат каражаттарында чагылдырылган эмес.
Бир гана көз карандысыз басылмалар жана кээ бир журналисттер анын пикирлерин жарыялап турган. Жада калса журналист Эрнис Кыязов Жапаровдун позициясын чагылдырганы үчүн бийлик кысымга алып жатканына даттанган эле.
Ошондой эле, көз карандысыз ЖМКлар Ысык-Көлдүн ошондогу губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга айыпталган Жапаровго карата ачылган кылмыш иштерин, анын ичинде «жабырлануучу» саясатчыга тагылган айыптар менен макул эместигин жана ишти карап чыгууну суранганын да байма-бай чагылдырышкан.
Мындан сырткары журналисттер Жапаров абакта отурганда анын тарапташтарынын митингдери тууралуу элге маалымат жеткирип турушкан. Дагы окуңуз: Жапаровду колдоо митинги катышуучуларды кууп таркатуу менен аяктады — кармалгандар бар
Жапаров бийликке келгенден кийин «Азаттык» үналгысы анын сөздөрүн бурмалап жатканын айтып сындай баштаган. Мындан сырткары, «Азаттыктын» журналисти анын тарапташтары тарабынан басымга кабылып жатканын билдиргенде буга өзүн күнөөлөгөн.
Кийинчерээк Кыргызстандагы журналисттер жана көз карандысыз медиа уюмдар Жапаровдун айткандарына тынчсызданып, ал басма сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатат деп эсептешкен.
Ошондой эле, медиа уюмдар Жапаровдун билдирүүсүн кыйла кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп атап, аны «Азаттыкты» сындоону токтотууга жана Кыргызстандагы басма сөз эркиндигин таанууга чакырышкан.
Президенттик шайлоодон кийин Жапаров жыйын куруп, «журналисттер маалыматты калыс жазса аларга саясий куугунтук болбойт» деп убадалаган. Ошондой эле сөз эркиндигин коргоого» убада берген.
Жапаровдун тушунда юристтер ЖМКларга цензура болушу мүмкүн деген жаңы Баш мыйзам, депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндө» фейктерге каршы мыйзам кабыл алынды.
Аталган мыйзам фейк маалыматтар менен күрөшүү үчүн колдонулушу керек. Бирок мыйзам журналисттик иликтөөлөргө жана көз карандысыз журналисттерге каршы колдонулуп калышы мүмкүн. Мисалы кимдир бирөө макаладагы маалыматтар чындыкка дал келбейт деп даттанса, атайын орган материалды текшергенче сайтты блоктоп коюшу мүмкүн. Сайтты чектөөдөн чыгарууга сот аркылуу гана жетишиш керек болот.