Айпери Медет кызы жана Назира Марсбек кызы Бишкекке кайтып келди

Cербияда өткөн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучулары Айпери Медет кызы менен Назира Марсбек кызы Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Улуттук команданын мүчөлөрүн Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурлан Исмаилов, кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, ошондой эле күрөш боюнча дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова тосуп алды.

Сербияда өткөн 23 жашка чейинки курактагы спортчулар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль багындырып, дүйнө чемпиону болду.

Ал эми 57 кг салмак категориясында таймашкан Назира Марсбек кызы биринчи беттеште атаандашына утулган.