Сегизинчи кабаттан секирип каза тапкан бала: Орусия «Клооптун» макаласын өчүргүсү келет

Байланыш жана маалыматтык технологиялар тармагында көзөмөл жүргүзүү боюнча Федералды кызмат (Роскомнадзор) «Клооптун» сегизинчи кабаттан секирип каза тапкан 22 жаштагы өспүрүм тууралуу макаласын Орусияда жайылтууга тыюу салынган маалымат беттеринин реестрине киргизди.

«[Белгиленген] маалыматта өз жанын кыюунун ыкмалары тууралуу маалымат бар, өзүн-өзү өлтүрүүгө чакырган маалыматтар камтылган», — деп айтылат Роскомнадзордун катында.

Роскомнадзордун катынан алынган скриншот.

Катта сайттын ээси Орусияда жайылтууга тыюу салынган маалыматты кабар алгандан кийин бир сутканын ичинде өчүрүшү керектиги да айтылат.

Эгерде сайттын ээси бул маалыматты өчүрбөсө, анда орусиялык байланыш операторлору тарабынан порталга кирүү мүмкүнчүлүгү чектелет. Эгерде сайттын ээлери макаланы өчүрсө портал бөгөттөн чыгарылат же алар үч айдын ичинде порталды бөгөткө алуу чечиминин үстүнөн даттана алышат.

«Клооптун» сайты буга чейин, 2014-жылы Казакстанда бөгөткө алынган. Анда порталды бөгөткө алууга «жихадчы-казак балдары» тууралуу макаласы себеп болгон.