Октябрь РИИБинин майору 80 миң сом опузалоого шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 4-ноябрда пара опузалоого шектеп Октябрь РИИБнин криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басарын кармады. Атайын кызматтын маалымат кызматы бул жөнүндө 9-ноябрда кабарлады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмышка шектүү майор Н.Э.Д жарандарды акча уурдоого күнөөлөп, аларга карата «мыйзамсыз арыздары демилгелеген» деп айыпталууда.

Бул арыз менен милиционер «оперативдик комбинацияларды колдонуп, моралдык-психологиялык басым көрсөтүү аркылуу» кылмыш ишин токтотуу үчүн 80 миң сом талап кылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, атайын кызматтын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү шектүүнү Көк-Жар айылынан пара алып жаткан жеринен кармашкан. «Пара опузалоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Мындан тышкары, шектүүнүн унаасында Макаров тапанчасынын жана Калашников автоматынын октору, 5 600 доллар, ошондой эле «белгисиз жарандардын» паспорттору табылган.

Октябрь райондук сотунун чечими менен миллицонер эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Тергөө уланып жатат.