Орусиянын Канттагы аскер базасына жакшыртылган Су-25СМ учактары келип түштү

«Интерфакс» басылмасы 8-ноябрда Орусиянын Канттагы аскер базасына модернизациядан өткөн Су-25СМ учактары менен радиолокациялык станция келип түшкөнүн кабарлады. Бул тууралуу басылмага Орусиянын Борбордук аскердик округунун (БАО) башчысы Александр Лапин билдирди.

Лапиндин айтымында, жакшыртылган радиолокациялык станция менен көчмө индикатордук пост штурм авиациясын багыттоону 2,5 эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

«Бизде учурда Борбор Азиянын аба мейкиндигинде көзөмөл жүргүзө ала турган, Борбор Азия чөлкөмүндөгү ЖККУнун жердеги жамааттык күчтөрүнүн бөлүмдөрүнө абадан колдоо көрсөтө алган авиацияга, ошондой эле аба чек арасынын коопсуздугун камсыздай ала турган орусиялык аскер базасына ээбиз, ал абдан жакшы жабдылган», — деп кошумчалады БАОнун башчысы.

Орусия буга чейин да Канттагы аскер базасын күчтөндүрүп келген. 2020-жылы базага Ми-8МТВ5-1 үлгүсүндөгү эки транспорттук тик учак алып келинип, Су-25СМ штурмчу-учактар алмаштырылып жана жакшыртылган. Өткөн жылдын февралында база учкучсуз-чалгынчылар менен да камсыздалган.

Мындан сырткары, БАОнун маалымат кызматы базанын авиапаркы бул жылга чейин бир нече жыл жаңыртылганын кошумчалашты: учактар алмаштырылып, аларга жаңы жабдыктар орнотулган.