Сузакта беш балалуу аял асынган абалда табылды. Маркумдун ата-энеси милицияга арыз жазды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында 25 жаштагы Күнсулуу Эшботоева 29-апрелде өзүнүн жашаган үйүндөгү кампада асынып алган абалда табылды. Маркумдун ата-энеси кызынын өз өмүрүнө кол салуусуна ишенбейт. Алар кызынын өлүмүнө күйөө баласын шектеп милицияга арыз жазды.

Маркумдун апасы Дамира Жолдошева кызы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөндүгүн «Турмуш» басылмасына айтып берген. Жолдошева кызы менен окуя болгонго чейин үч күн мурун телефон аркылуу сүйлөшкөндө «апа, үйгө качан келесиз» деп айткан экен.

«Мен да маани бербей эле “билбейм” деп коюптурмун. Кызымды жолдошу 16 жашында ала качып кеткен. Мен каршы болгонум менен тууган-урук, коңшу-колоң “Кызың жакын жерге түштү. Жакшы болду, сенден кабар алып турат” деп калтырып коюшкан. Буга чейин деле күйөө бала кызганычтан улам кызымды уруп койчу. Кээде таарынып, үйгө келген учурлары болгон», — деген эне.

Ал эми Күнсулуунун атасы Салахидин Эшботоев кызын күйөөсү ур-токмокко алып, өлтүрүп алгандыгын билгенден кийин айыбын жашыруу максатында «жипке асып койгон» деген пикирде.

«Кызым асынып алды деген жерди көрсөм, анча бийик эмес жерге ээгинен ылдый болуп асылган. Кызым өзүн-өзү асып алганына ишенбейм. Анткени ал балдары дегенде ичкен ашын жерге койчу. Буга чейин да катуу ооруп калып, күйөөсү карабагандыктан, ооруканага өзүбүз жаткырып дарылайлы десек, балдарын кыя албай жатпай койгон», — дейт Эшботоев.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Эшботоеванын жолдошунун аялынын өлүмүнө катыштыгы бар-жогу тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат дешти.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары уланууда. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Буга чейин 22-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Ишкаван айылында 32 жаштагы аял жоолукка асынып алып каза болгон. Аялдын артында эки кызы жана уулу калды.

Мындан сырткары, 8-февралда Алай районунун Гүлчө айылында 25 жаштагы аял өз үйүндө асынып алган. Маркум мектепте математика мугалими болуп иштеген. Ал эми жолдошу милиция кызматкери болуп иштейт. Алдын ала маалымат боюнча маркум окуядан 2-3 күн мурун кесиптештерине балалуу боло албай жүргөнүн айтып кейиген.

Жыл сайын Кыргызстанда ушул сыяктуу ондогон адам өлтүрүү болот — аялдар күйөөсүнүн, чогуу жашап жүргөн адамдын же мурдагы күйөөсүнүн, кээде тааныбаган эркектин колунан ажал табат.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.