ӨКМ: Талды-Булак дарыясы мазуттан тазаланып жатат

ӨКМдин маалымат кызматы 10-ноябрда «Клооптун» журналистине Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан Талды-булак айылында министрликтин кызматкерлери дарыяны мазуттан тазалап жатышканын кабарлады.

Бул аймакта бир апта мурун Honda Odyssey унаасы менен бензовоз кагылышкан. Чүй облустук ЖКККББнын басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине кырсыктан бир киши каза болуп, бензовоздогу мазут дарыяга агып түшкөнүн билдиришкен.

Аймактын тургундары «Турмуш» басылмасына жергиликтүү бийлик кырсык бир жума мурда болгонуна карабай дарыяны тазалабай жатканын айтышкан.

Ал эми Жайыл районунун акиминин орун басары Асылбек Нурбеков ушул эле басылмага маек куруп, 9-ноябрда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү мазут төгүлгөн жерде иш жүргүзүшкөнүн айтып берген.

«Ошол төгүлгөн күнү эле жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери экологияга зыян алып келбөө үчүн алдын ала иш аракеттерин көрүшкөн. Бүгүн да иштеп жатышат. Ошондой эле санэпидемстанциянын кызматкерлери дагы сууга кошулган затты текшерүүгө алышты. Бүгүн болсо акимияттан, ӨКМ, РИИБ жана айыл өкмөт кызматкерлери болуп, иштеп жатабыз», — деген Нурбеков.

Акимдин орун басары районго күйүүчү май ташыган унаага ээлик кылган компаниянын өкүлдөрү келиши керектигин да айткан. Дарыяны тазалоого жергиликтүү тургундар да тартылган.