«Ордунда калсын». ОшМУнун алдында Кудайберди Кожобековду колдоо акциясы өттү

ОшМУнун алдында 9-ноябрда кызматтан алынган экс-ректор Кудайберди Кожобековду колдоо акциясы өттү. Ага окуу жайдын кызматкерлери менен студенттери катышты

Кожобеков университеттин студенттери «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына мугалимдер тарабынан катыштырылгандан кийин иштен алынды.

Акциянын катышуучулары «Ордунда калуусун суранабыз», «Бийлик коллективдин пикирин сыйлоого жана угууга милдеттүү», «Татыктуу жетекчи» жана «Туура эмес чечим» деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Иш-чара танапис учурунда өтүп, 10 мүнөткө созулган. Андан кийин жамаат ишин уланткан.

Ушундай эле акция кече Фейсбукта өтүп жаткан. Социалдык тармактын колдонуучулары #Кожобеков_ордунда_калсын деген хештег менен Кудайберди Кожобековду кызматка кайтарууну талап кылышууда.

«Кожобековдой акыл-эстүү, интеллектуал, патриот жетекчиге, кадрга заманыбыз муктаж болуп турганда, кызматтан алынышы жакшы көрүнүш эмес! Эскертүү же сөгүш берүү менен чектелип, мындай кадрдын иштешине мүмкүнчүлүк берүү керек!» — деп жазды физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлбадан Матиева.

Ал эми депутат Жанар Акаев ректор студенттердин аянттагы үгүт-иш чарасына барышына «түз тиешеси болбой туруп аша чапкан чечим чыгып калыптыр» деп эсептейт.

«Тиешелүү органдар жакшылап караса, балдарын, жакын туугандарын партияларга кошуп, аларга иш убактысында тынымсыз жардамдашып жаткан губернатор, акимдер оголе көп [...] Электрондоштуруу, билим сапатын жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштеп жаткан жетекчи шашылыш чечимдин курмандыгы болбошу керек!» — деди ал.

«Бөрк ал десе баш аласыңар»

Фейсбук колдонуучулар ректордун эмес «Азаттык» партиясынын да жоопкерчилигин кароо керектигин жазышууда. Ал эми жергиликтүү журналист Гүлназ Абылкасымова «бийликтин мугалим, дарыгерлерге гана алы жетет» деген пикирде.

«Бөрк ал десе, баш аласыңар да... ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду иштен алганыңар туура эмес. Кожобеков силердин шайлооңорду жакшы өткөрө албашы мүмкүн, бирок илим-билимге зор салып кошуп жатканына ишенем. Ансыз да билим берүү тармагы аксап турганда, билимдүү кадрларды буттан чалганыңар туура эмес», — деп жазды ал.

Ушул тапта Ош мамлекеттик университетинин кызматкерлери жана студенттери Кудайберди Кожобековдун тушунда ишке ашкан долбоорлор менен бөлүшүп жатышат. Алар бийлик өкүлдөрү буга көңүл бурат деп ишенип артышууда.

ОшМУ — Кыргызстандагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири. Кожобеков университеттин ректору болуп 2019-жылдын ноябрында дайындалган.

Үгүт иш-чарасындагы студенттер, иштен кетип, сөгүш алгандар

9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Оштогу студенттер Акылбек «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканы үчүн ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынганын, шаар мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланганын билдирди.

Кожобековдон сырткары ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу да иштен бошотулду. Ошондой эле билим берүү министри Болот Купешевге да сөгүш жарыяланды.

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган болчу.

Анда жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери экенин сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Ошол эле күнү Ош ШИИБи тергөөнү баштаган. Ал эми ОшМУ эки окутуучусуна сөгүш жарыялап, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берген.

Ош ШИИБи факты боюнча «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 15 студентти жана сегиз мугалими суракка алган.

Анда «Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында мыйзам бузуу болгон эмес деп билдирген.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп билдирген.

Анткен менен Оштун милициясы иш-чарага катышкан студенттер жашы жете элек болгонун аныктаган. Учурда тергөө иштери аяктап, сотко жиберилди.