Акылбек Жапаров өлкө экономикасын көтөрүүнү убада кылды

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда «Коммерсантъ» басылмасына маек куруп, бийлик бюджетти кантип толтура турганын жана жалпысынан өлкөнүн экономикасы тууралуу айтып берди.

Ал Кыргызстан экономикалык жактан алганда инвесторлор үчүн кызыктуу деп дагы билдирди.

Колдон келет

Акылбек Жапаров минкабдын төрагасы катары парламентте ант берип жатат. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Анын айтымында, бюджет салык жана бажы кызматтарынын эсебинени көбөйтүлөт. Мындан тышкары, экономиканы көмүскөджөн чыгарып, санариптештирүү жана фискалдаштыруу жүргүзүүнү көздөйт.«Бул колдон келе турган иш. Аны кантип кылса болорун билебиз, рецепти бар, бул илдетти дарылоонун жол-жобосу дагы белгилүү, саясий эрк гана жетишпей жаткан», — деди ал.

«Коммерсанттын» журналисти Жапаровдун бул жылы бюджетти 280 млрд сомго чейин жана кийинки жылы 400 млрд сомго жеткирүүнү убада кылганын эске салды.

«Муну биз бир жолу жасаганбыз — биринчи ыңкылаптан кийин [Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бийликтен кулатылганда], 2005-2008-жылдары мен экономика жана каржы министри, ошондой эле вице-премьер болуп тургам. Мага ишеним берилген үч жылда ИДПны эки эсеге, бюджетти үч эсеге көбөйтө алдык. Мында сөз жалпы экономика тууралуу болгон жок, атап айтканда, анын ачык бөлүгү тууралуу болуп жатат», — деп жооп берди ал.

Инвестициялык климат жөнүндө

Минкабдын төрагасынын пикиринде, саясий туруксуздук өлкөнүн инвестициялык климатына жагымдуу таасир этпей жатат. Ошондуктан, Жапаровдун айтымында, бийлик «саясий айдыңды турукташтырат».

2020-жылдын 5-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон кыргызстандыктар митингге чыгышкан. Сүрөт: «Клооп»

«Экономикабыздын шарты жагымдуу: салыктарыбыз эң эле төмөн, валюта мыйзамдарыбыз эң эле либералдуу, жер, каражат жана салымдар боюнча дагы эч кандай чектөөлөр жок. Бул жакка келген компаниялар, эгерде пайда көрүүнү улантышса, өлкөбүз үчүн башкы жарнама болушат», — деп эсептейт ал.

Кумтөр тууралуу

Жапаровдун пикиринде, «Кумтөрдүн» айланасындагы жагдай өлкөнүн инвестициялык климатына таасир этпейт.

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет..

Бирок 2021-жылдын майында кыргыз бийлиги канадалык компанияны мыйзамды жана экологияны бузган деп айыптап, «Кумтор Голд Компаниге» тышкы башкаруу киргизген.

Күмтөр алтын кенинин шахталары. Сүрөт: Ислам Розиев / «Клооп»

«Кумтөр боюнча дароо айтып коёюн, эч ким кимдир бирөөнүн менчигин басып алган жок. Биз Centerra’нын ири акционерибиз […] Өзүбүздүкүн өзүбүз басып алат деген акылсыз нерсе да, түшүнөсүздөр да? Бул жерде менеджмент акционерлердин кызыкчылыктарын коргоонун ордуна жеке кызыкчылыгын коргоп баштаган деп эсептейбиз. [Каражат] агымдары адилетсиз бөлүштүрүлгөн — салыктык да, дивиденд да, кирешеси да», — деп билдирди ал.

Жапаров канадалык компанияны үнөмдөө максатында Кыргызстандын экологиясын талкалаган деп дагы айыптады.

«Биз ушундай окуя болуп жаткан дүйнөдөгү жалгыз өлкөбүз. Эми мындайга макул боло албайбыз. Ошондуктан инвесторлорго экологияны жана майзамдарды сактаган учурда пайда тапкыла, алып кеткиле, киреше боюнча бизде эч кандай чектөө жок деп кепилдейбиз», — белгиледи ал.

Centerra’нын таасири начар болгон

Жапаровдун айтымында, Centerra’нын каржылык ресурстарына жеткилик «президенттерге кайсы бир деңгээлде экономиканын башка секторлоруна көңүл бурбоого мүмкүндүк берип турган».

Акылбек Жапаров жана Садыр Жапаров. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

«[…] башкысы — бул компаниядан кандайдыр финансылык пайда алып туруу мүмкүнчүлүгү коррупцияга каршы көрөшпөөгө, аткезчилик менен салыктар төлөнбөгөнү кандай, канчалык эбегейсиз зыян келтирип жатканын көрмөксөнгө салууга алып келген. Чиновниктерди дал ошол көмүскө сектор багып турган», — деди ал.

Минкабдын төрагасы учурда президент Садыр Жапаров саясий эрк көрсөтүп, «Centerra’нын кызыкчылыгын коргогон саясий топтордун бир да суранычына көнбөгөнүн» айтты.

«Бул мага анын командасына иштөө чечимин кабыл алууга түрткү болду. Учурда Centerra’нын акционерлери жана башкаруучулары менен сүйлөшүүлөрдүн активдүү фазасында турабыз. Бул көмүскө экономиканын баары ачык-айкын экономикага өтүп, элдин турмушу реалдуу түрдө өсүп башташы керектигин түшүнүүгө мүмкүндүк берди. Бул мыйзамды сактаганда гана, бизнеси үчүн жагымдуу жаа бирдей шарттарды түзгөндө гана мүмкүн. Алар биздин салык төлөөчү катары башкы багуучуларбыз. Кирешебиздин дээрлик 80-85%ы салыктар», — деп белгиледи ал.