Коронавирустан үч киши каза болуп, 108 жаңы учур катталды

Республикалык штабдын 11-ноябрга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирус жуктурган үч киши каза болду, илдетке кабылган 109 жаңы учур катталды.

Вирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында — 47, жана Чүй облусунун аймагында — 35. Ал эми Ысык-Көл жана Жалал-Абадда тогуз адам, Баткенде беш, Ош облусунда эки киши илдетке чалдыккан. Эң төмөн көрсөткүч Талас облусунда — бир.

Мындан сырткары, акыркы суткада 118 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 176 510 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 552 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 797.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстан боюнча 182 090 адамга COVID-19 жуккан. Ал эми илдеттен каза болгондордун жалпы саны 2697 адамга жетти.

Ошондой эле, Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 11-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 5325 адам алды, ал эми экинчисин — 7599 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.Ре