Онкологиялык дары-дармектердин баасы арзандады

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен онкология ооруларын дарылоочу бир катар дары-дармектердин баасы төмөндөтүлгөнүн билдирди.

Агенттиктен мурда дары-дармек баасын кымбаттатуу орточо 75%ды түзгөнүн белгилешти. Препараттын төрт түрү чекене бааларга салыштырмалуу 33%га, дагы башка үч түрү 55 пайыздан 73%га чейин кымбат болгон.

Мисалы, «Герцептин» препаратын мурда 40 миң сом болчу, учурда анын баасы 19 миң сомго түштү. «Перьета» дарысы мурда 235 миң сом турса, учурда баасы 74 сомду түзөт, ал эми «Пегасис» препараты 6 674 сомго арзандады, мурда ал 13 348 сом турчу.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2021-жылдын 18-октябрында бийлик калк үчүн маанилүү дары-дармектердин бааларын төмөндөтүп баштайт деп билдирген. Анда ведомстволор аралык коммисиянын жыйынында «дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектердин баасын төмөндөтүү чечими» кабыл алынган.

«Маанилүү дары-дармектердин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында натыйжалуу чараларды иштеп чыгуунун алкагында, мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткаруу мөөнөтү белгиленген конкреттүү тапшырмалар берилди», — деп билдиришкен минкабдан.

Буга чейин Ташиев «фармацевтикалык мафиялар» аныкталганын да билдирген. Анын айтымында, кээ бир чиновниктер жана врачтар фармкомпаниялар менен өз ара кутум келишимге барган.

Кийин УКМК Кыргызстанга дары-дармек ташып келип, «ашыкча кымбат баада саткан» фармкомпиялар тобунун бетин ачкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, фармкомпаниялар бул ишке «айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен» барган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК дары-дармекти «ашыкча кымбат» саткан фармкомпаниялар тобун аныктады