Тойдо фотограф кызды чуркап келип башка тепкен кишинин окуясы териштириле баштады

25-сентябрь күнү Бишкектеги «Роял» ресторанында тойго келген бала иш-чараны сүрөткө тартып жүргөн кызга кол салган. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары «Kaktus.media» басылмасына кабарлашты.

Алардын айтымында, жигит сүрөттү арзандатып бербей койгону үчүн кызга кол көтөргөн. Кол салууга чейин ал кыздын намысына да шек келтирген.

«Ресторандын кызматкерлери нааразы болгон кардарды тынчтандырууга аракет кылышкан. Бирок ал жулунуп чыгып, сахнадан чуркап өтүп кызды башка тепкен. Соккудан Марина [жабырлануучу] жерге кулап түшкөн», — деп билдирген кыздын жакындары.

Кыздын туугандары Аламүдүн РИИБнен милиция кызматкерлери келгенине карабай, кол салган жаранга иш козголбогонун белгилешти. Алардын пикиринде, бала көп болсо айып төлөп кутулуп кетет.

«Видеодон эркек киши чуркап келип кызды башка тепкенин көрүүгө болот. Ал беш күн үйдө дарыланып, кийин баш оорусу басылбагандыктан ооруканага жатууга мажбур болгон», — деп кошумчалашты алар.

Кыздын жакындары кол салган адамдын Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө тааныштары бар экенин, ошондуктан жеңил берене менен жоопко тартылып жатканын айтышууда.

Чүй облусттук ИИББнен «Клооптун» журналистине 22 жаштагы кыз милицияга арыз менен 26-сентябрда кайрылганын айтып беришти. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Майда бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция шектүү катары 1994-жылы туулган кишини кармаган. Шектүү сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алып, ошол күнү мас абалында болгонун билдирген.

Ошондой эле, милиция кыздын алган жаракаттарынын даражасын аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындаган. Экспертизанын жыйынтыгында кыздын ден-соолугуна жеңил жаракат келтирилгени аныкталган.

10-ноябрда шектүүгө майда бейбаштыкка шектелип жатканы тууралуу билдирме тапшырылган. Мындан тышкары, милиция ЖМКлардагы шектүүгө кылмыш иши козголгон эмес деген маалыматты төгүндөдү.