Акыркы суткада коронавирустун 84 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду

Кыргызстанда 15-ноябрга карата коронавирустун 84 жаңы учуру катталып, 85 бейтап айыгып чыкты. Ал эми үч адам илдеттен көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек шаары — 66;
  • Чүй облусу — 9;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Талас облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 182 425ке жетти. Ал эми өлкө боюнча 176 909 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2707 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 559 бейтап, ал эми үй шартында 721 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 15-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 479 адам, ал эми экинчи дозасын 559 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.