УКМК: Эркинбек Салымбеков 100 млн сом төгүп, эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту Эркинбек Салымбековду эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Ал октябрдын ортосунда айыл чарба азыктарын экспорттоо тармагындагы уюшкан кылмыштуу топтун ишин тергөөнүн алкагында кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, Салымбеков атайын кызматтын депозиттик эсебине келтирилген зыяндын ордун алдын ала камсыздап берүү максатында 100 млн сом которгондон кийин сот ушундай чечим чыгарган.

Эркинбек Салымбеков. Сүрөт: Facebook баракча.

Мамлекеттик комитет зыяндын толук өлчөмү текшерүүнүн жыйынтыгында белгилүү болорун кошумчалады.

«УКМК бул ишти иликтөөнү зыянды мамлекеттик бюджетке толук кайтарганга чейин жана кылмышка тиешеси бар бардык жарандарды кармаганга чейин улантат», — деп билдиришти УКМКдан.

Салымбековдун жана айыл чарба министрлигинин чиновниктеринин кармалышы

«Дордой Дыйкан» базарынын директору Эркинбек Салымбеков 14-октябрда кармалганы белгилүү болгон. Эртеси күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 15-октябрда ишкер «коррупция» беренеси боюнча шектелип жатканын билдирген. Ал 6-декабрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Кийин УКМК билдирүү таратып, Салымбеков айыл чарба азыктарын экспорттоо тармагындагы уюшкан кылмыштуу топтун ишин тергөөнүн алкагында кармалганын маалымдаган. УКМК компаниялардын тобу айыл чарба азыктарын өлкөдөн сыртка чыгарууда тоскоолдуктарды түзүп келгенин билдирген.

27-октябрда УКМКнын кызматкерлери ушул эле иштин алкагында айыл чарба министринин орун басары Марсбек уулу Иличти жана ведомствонун жетекчисинин мурдагы орун басары Амангелди Исаевди кармашкан. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.