ИИМ талапкерлер «мамлекеттик ишканада үгүт жүргүздү» деген маалыматты териштирет

Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура депутаттыкка талапкерлер «Кара-Балта электр жылуулук суу камсыздоо жана суу өткөрүү» мамлекеттик ишканасында үгүт жүргүзгөн деген маалыматты текшерет. Бул тууралуу арыз БШКнын даттануулар жана бузуулар реестринде 14-ноябрда катталды.

Сөз «Ишеним» партиясынын талапкери Ирина Шашко жана №22 Жайыл шайлоо округунун талапкери Нурмат Рыскулбек уулу тууралуу болуп жатат. Маалыматка ылайык, талапкерлер мамлекеттик ишканын кызматкерлерин иш убакытта чогултуп, үгүт жүргүзүшкөн.

«Кара-Балта электр жылуулук суу камсыздоо жана суу өткөрүү» мекемеси «Кыргыз жылуулук камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын филиалы.

БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобуна жөнөтүлгөн тасмада Рыскулбек уулу кызматкерлердин алдында сөз сүйлөп жатканын көрүүгө болот. Ал эми Шашко анын жанында отурган. Чогулушка 50гө чукул киши келген.

Ошондой эле арыз берүүчү Шашко «Кыргыз жылуулук камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын директорунун жубайы болгонун билдирген. Мындан сырткары, Шашко мамлекеттик ишканада бөлүм башчы кызматын аркалап келгенин айткан.

*Юстиция министрлигинин базасында «Кыргыз жылуулук камсыздоо» мамлекеттик ишканасын Болот Жусупбеков жетектейт деп көрсөтүлгөн. Ал эми «Кара-Балта электр жылуулук суу камсыздоо жана суу өткөрүү» ишканасын Сергей Мельников башкарат.

Ирина Шашко 2017-жылы Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Ал эми Рыскулбек уулу үстүбуздөгү жылдын июнь айында Жайыл районунун Красно-Восток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалып, бирок шайлоого катышканынан улам кызматын тапшырган.