Садыр Жапаров жаңы Жазык кодекстерине кол койду

Президент Садыр Жапаров үч жаңы кодекске жана аларды колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Сөз Жазык, Жазык-процессуалдык жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстер тууралуу болуп жатат.

Садыр Жапаров документке кол коюп жатат. Сүрөт: Президенттик администрациясынын басма сөз кызматы

Ведомстводон белгилешкендей, президент кодекстерге 28-октябрда эле кол койгон. Мыйзам боюнча, алар президент кол койгондон 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет — башкача айтканда, мыйзамдар иштеп жатат.

Буга чейин Жапаров бул кодекстерди «ача пикирлерди жана Конституцияга карата карама-каршылыктарды» тапкандыктан макулдашылган вариантын иштеп чыгуу максатында Жогорку Кеңешке кайтарып берген. Бирок ошол эле кезде президенттик аппарат кодекстердин так эмнесин өзгөртүүнү каалаганын жарыялаган эмес.

Жыйынтыгында депутаттар президенттин каршы пикирине макул болуп, документтерди президенттин кол коюусуна жөнөтүшкөн.

Жаңы кодекстер

Жаңы кодекстерди кабыл алууну 2021-жылы башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгелеген. Зулушев кодекстердин кемчиликтери талкууланган бир нече жыйын өткөнүн, натыйжада кодекстерди толугу менен өзгөртүп, 2019-жылга чейин колдонулган кодекстерге кайтып келүү чечими чыгарылганын айткан.

Мунун негизинде 2021-жылдын апрелинде кодекстердин жаңы редакциясын иштеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүлгөн.

Бирок юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакциялары жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен.

Алар президент Садыр Жапаров менен парламенттин алтынчы чакырылышына кайрылып, кодекстердин реформасын токтотуп турууну суранышкан — анткени, алардын пикиринде, реформа президенттин кайрылуусу менен тапшырмаларына каршы келет.

Дагы окуңуз:

«Тоталитаризмге багытталган». Юристтер кылмыш кодекстерин реформалоону колдобойт