Өспүрүмдөр Pfizer вакцинасы менен эмделери айтылды

Республикалык имунопрофилактика борбору 17-ноябрда «Клоопко» 16-18 жашка чейинки өспүрүмдөр, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөөгө байланышту Саламаттык сактоо министрлигинин буйругун берди. Буга чейин ведомство ушул категорияга кирген жарандарды эмдөөгө уруксат берген болчу.

Эмдөө. Сүрөт: «Кабар»

Өспүрүмдөрдүн эмделүүсү тууралуу

Буйрукта өспүрүмдөр Pfizer препараты менен эмделе турганы айтылат. Биринчи кезекте COVID-19ду көтөрө албаган жана коркунучта тургандар, аялуу адамдар менен тыгыз байланышта болгондор эмделет.

Мындан сырткары, ведомство өлкөгө Pfizer препаратын алып келүү көбөйүп, тобокелдик топко кирген адамдарды эмдөөдөн өткөрүү иши тийиштүү деңгээлде аткарылганда «12 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн баарын эмдөө мүмкүнчүлүгү жаралат» деп белгиледи.

Кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөө

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар ДССУ’нун тез арада колдонулууга тийиш делген тизмесине кирген вакциналар менен эмделет. Кыргызстанда ДССУ тарабынан жактырылган Sinopharm, SinoVac, AstraZeneca жана Pfizer вакциналары бар.

COVID-19ду көтөрө албаган жана коркунучта турган кош бойлуу жана бала эмизген аялдар артыкчылыктуу түрдө эмдөөдөн өткөрүлөт.

Эмдөө алдында кош бойлуу аялдар терапевт же үй-бүлөлүк дарыгердин милдеттүү кароосунан өтөт. Алар жалпы кан анализин жана коагулограмма тапшырышат.

«Зарылчылык болгон учурда, кош бойлуу аялдар акушер-гинекологдун, фельдшер-акушердин консультациясынан кийин эмдөөдөн өткөрүлөт», — деп айтылат буйрукта.

Ошондой эле, ведомстводон бала эмизген аялдар үчүн коронавирус менен ооруганга салыштырганда вакцинанын таасири зыянсыз болгон учурда эмдөө алууну сунушташты.

Бирок эмдөөдөн кийин эмизүүнү токтотуу сунушталбайт.

Кыргызстандагы эмдөө

Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизип жатканын, бир да шаар же аймак «кызыл аймакка» кирген жок деп белгиледи.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 17-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасы 1 млн 50 миңден ашык адамга сайылган, ал эми толук дозасын 830 миңден ашык адам алган.

Өлкөдө учурда төмөнкү вакциналар жеткиликтүү:

  • Sinopharm;
  • Pfizer;
  • Sputnik Lite;
  • AstraZeneca;
  • QazVac;

«Азаттык» Саламаттык сактоо министрлигине таянып, өлкөдө «Спутник V» вакцинасы түгөнгөнүн жазууда.

Бардык препараттар менен эмдөө акысыз өткөрүлүп жатат.