УКМК Дастан Бекешевдин жардамчысын суракка чакырды

Депутат Дастан Бекешев жардамчысы Азамат Сабырбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын «Клоопко» кабарлады.

Эл өкүлүнүн айтымында, Сабырбеков бүгүн, 17-ноябрда саат 18:00гө УКМКга барышы керек. Бекешев суракка алуу УКМК 16-ноябрда «Шайлоону же референдумду өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» беренеси боюнча баштаган ишке байланыштуу экенин түшүндүрдү.

Анда Улуттук коопсуздук комитети Бекешев үгүтчүлөргө төлөгөн акча шайлоо фондунан бөлүнгөн эмес, ошондой эле, үгүт иштерине жашы жете элек балдарды аралаштырган болушу мүмкүн деп билдирген.

Мындан сырткары, укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, Сабырбеков УКМКдан расмий чакыруу келгенде гана суракка барарын айткан.

«Бирок УКМКнын [кызматкерлери] азыр келсин деп жатат же жардамчысынын атасынын жумушуна барып, аны менен чогуу баласын суракка алып келүүгө жөнөп кетишкен! Мен азыр адвокаттарга телефон чалып жатам», — деп жазды Ошурахунова Твиттерине.

16-ноябрда УКМК пресс-релиз менен кошо жашы жете элек балдар Бекешев аларды үгүтчү кылып жалдаганын мойнуна алганы боюнча видео жарыялашкан. Буга депутат Instagram барагы аркылуу видео сурак маалында тартылып, «ошол замат монтаждалып, соцтармактарга таратылганын» айтып жооп берген.

Тема боюнча окуңуз:

УКМК & Бекешев. Депутаттыка талапкер аны шайлоодон четтетүүнү көздөп жатышканын айтты

«Мыйзамдуулукту булбулдай сайрайт, бирок аны өзү бузат». Президент Бекешев тууралуу