Бишкекте 9 жаштагы бала асынган абалда табылды

Бишкектин «Кара-Жыгач» конушунда үйлөрдүн биринде 9 жаштагы бала асынган абалда табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматына таянып «Кабар» маалымат агенттиги жазды.

«Денеде эч кандай криминалдык тактар байкалган эмес. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды», — деп кабарлады милиция.

Октярь РИИБи кошумчалагандай, баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, 2020-жылы 44 өспүрүм суициддин курмандыгы болгон, алардын 13ү үч айлык карантин убагында жанын кыйган.