Акыркы суткада коронавирустан үч адам көз жумду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада COVID-19 жуктурган үч бейтап каза болду. Өлкө боюнча 19-ноябрга карата коронавирустан 89 адам айыгып чыкты, ал эми жуктуруунун 60 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек шаары — 31;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Ош облусу —6;
  • Баткен облусу — 5;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Ош шаары — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 182 727ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 289 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2718 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 538 бейтап, ал эми үй шартында 650 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 19-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны биринчи дозасын 5117 адам, ал эми экинчи дозасын 5719 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.