«Кадастрдын» Базар-Коргондогу башчысына үгүткө аралашканы үчүн сөгүш жарыяланды

УКМКнын басма сөз борбору «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Базар-Коргон районундагы башкармалыгынын жетекчиси 10-ноябрь күнү депутаттыкка талапкердин пайдасына үгүт кылганы аныкталганын билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, чиновник «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын талапкеринин пайдасына үгүт кылган. Иш боюнча материалдар ички иштер органдарына жана Базар-Коргон районунун координациялык тобуна өткөрүп берилди.

УКМКдан белгилешкендей, текшерүүдө үгүт фактысы тастыкталып, ал маалыматты каттоо журналына киргизилген. Окуядан кийин аткаминерге «катуу сөгүш» жарыяланган.

Коомчулукта «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тиешелүү деп айтылат. Бирок Ташиев өзү бул маалыматты четке каккан. Ал эми Юстиция министрлигинин сайтында аталган партиянын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн. Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.