«Ата Мекен» партиясынын шайлоо кампаниясын Жанар Акаев баштап барат

«Ата Мекен» партиясынын тизмесинин сап башын жана шайлоо компаниясын депутат Жанар Акаев баштап барат. Бул тууралуу партиянын лидери Өмүрбек Текебаев 24.kg сайтына айтып берди.

«Шайлоо алдындагы кампаниянын лидери Жанар Акаев болот. Демек ал парламентте фракциянын лидери болот. Ал эми эгер фракциябыз коалицияга кирип калса, анда Жанар талапкерлигин спикер же премьер-министрлик кызматка коёт. Фракциядагы бардык негизги орундарды жаш адамдар ээлешет», — деди Текебаев.

Ал кошумчалагандай, Акаевге келе жаткан парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү миссиясы жүктөлдү. Текебаевдин айтымында, партияга келген жаш кадрларды эч ким башкарбайт.

«Алар эч кимдин колунда, эч бир жагдайда бирөөнүн камчысын чабышбайт. Алар чындап эле өлкөнү реформалоо идеясы менен күйүп жатышат...Эл көрүнүктүү, жаш, бедели таза жана идеясы кызыктуу пассионардуу саясатчыларды көксөп турат, биздин альянс муну сунуштаганга жөндөмдүү», — деп кошумчалады ал.

Парламенттик шайлоого аттанган жаңы бирикме

5-июнда Кыргызстандын алты саясий партиясы «Ата Мекен Жаңы дем» деген атылыштагы жаңы бирикмеси түзүлгөнүн маалымдашкан. Жаңыланган курам менен алар шайлоо кампаниясына катышып, 2020-жылдын күзүндө өтө турган шайлоого даярданышат.

Кызматташуу жана биригүү жөнүндө макулдашууга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен»), Темир Сариев («Ак шумкар»), Рыскелди Момбеков (КСДП), Тилек Токтогазиев («Жаны Дем» жаштар кыймылы), Азамат Темиркулов («Кыргызстандын Жашыл альянсы») жана Жанар Акаев (КЛДП) кол коюшкан.

«Биздин альянс — бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар. Негизги максатыбыз келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу. Биз «Жаңы Дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Жаңы бирикменин эски жүздөрү

Жаңы бирикменин дээрлик бардык мүчөлөрү — бул учурдагы саясатчылар, партиялардын лидерлери же буга чейин таптакыр саясатчы болуп көрө элек адамдар.

Алардын арасында «Жаңы Дем» жаштар кыймылынын лидери Тилек Токтогазиев бар. Анын саясатта тажрыйбасы жок, бирок ал айыл чарба министринин жетекчилигине талапкерлигин сунуштаган. Токтогазиевдин күнөскана бизнесинде тажрыйбасы мол.

Министрликти жетектөө дымагында аны «Бир Бол» партиясы колдоп, натыйжада ага айыл чарба министринин орун басарлык кызматы сынышталган, бирок ал беш жылда реформа жүргүзө албаган адамдын орун басары боло албасын айтып сунуштан баш тарткан.

«Жаңы “Ата Мекен Жаңы Дем” бирикмеси Кыргызстандын тажрыйбалуу саясатчылары менен жаш жана прогрессивдүү жаштарынын симбиозу болуп калат», — деп билдирди Токтогазиев Reporter.kg басылмасына курган маегинде.

Бирикменин дагы бир мүчөсү Рыскелди Момбеков жакында эле КСДП партиясынын төрага орун басарлык милдетин тапшырып, саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтотту. Бирок ал дагы деле КСДП партиясынын мүчөсү болуп саналат. Ошол эле учурда ал акыркы саясий кеңеште биримдик жок партияга катышпай тургандыгын билдирген.

Бул партиядагы араздашуулар Атамбаевдин президенттиги учурунда эле башталган. Бирок партия ичиндеги ыдыроо ал Жээнбеков менен урушуп кеткенден кийин пайда болгон. 2020-жылдын июнь айына карата партия үч башка бөлүккө ажырап кеткен: КСДП, Атамбаевсиз К ДП жана СДК.

Жаңы «Ата Мекен Жаңы Дем» бирикмесинин дагы бир мүчөсү — Өмүрбек Текебаев — «Ата Мекен» партиясынын негиздөөчүсү. Ал парламенттин алты чакырылышында тең депутаты болгон.

Жанар Акаев — мурда журналист жана КСДПнын мүчөсү. Ал сөз эркиндиги үчүн маршка катышканы үчүн партиядан чыгарылып, бирок депутат бойдон калып, КЛДП партиясынын мүчөсү боло баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Келерки парламенттик шайлоого катышуу үчүн эски жана жаңы саясатчылар «Жаңы Дем» альянсына бирикти