Кызык, бирок Нарын облусунун Ат-Башы районунда чындап эле алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун тууганы Жибек Молдоевага өмүрлүк жар болгусу келгендердин кастинги өттү.
Буга чейин бир катар ЖМКлар Шаршенбек Абдыкеримов өзүнүн «улуу кызына» күйөө издеп кастинг жарыялаганын жазышкан. Бирок «Азаттыктын» маалыматы боюнча, Молдоева Абдыкеримовдун кызы эмес, кайын эжесинин кызы болот.
Кастинг за руку богатой наследницы. Ожидание: Борьба на мечах и стрельба из лука от мужчин в лосинах и все на фоне леса.
Реальность: Экран посреди вытоптанной площадки с Kahoot!, причем нужно продемонстрировать знания не о невесте, а о ее богатом дядюшке. pic.twitter.com/phGhloFBvk
— Kloop (@kloopnews) November 19, 2021
Абдыкеримов ЖМКлардагы кастинг тууралуу жарыяны үгүт материалы катары шайлоо фондунан төлөгөн.
«Клооптун» кызматкери кастингдин сынактарынын бирин тартып алган. Анда Абдыкеримов жарыялаган кастингдин катышуучулары Kahoot сайтындагы викторинага катышкан. Бирок «акыл таймашында» Жибек тууралуу эмес, алкомагнат тууралуу суроолор берилген.
«Байлар менен куда болууну каалагандар көп». Талапкер Абдыкеримов «кызына» күйөө издеп жатат
Абдыкеримовдун Лондондун көк тиреген мунарасында батирге ээ экени ырасталды