Материал 23.11.2021 жаңыртылды
Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан катталган 34 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Төмөнкү талапкерлер шайлоого катышпайт:
- Абдыхалил Мамаюнусов — № 3 Кадамжай шайлоо округу;
- Талас Калматов — №4 Көк-Жар шайлоо округу;
- Айнуру Алтыбаева — №7 Ош шайлоо округу;
- Бахтияржан Фаттахов — №7 Ош шайлоо округу;
- Нурбакыт Маматалиев — №7 Ош шайлоо округу;
- Мухаммед Темирбаев — № 8 Төлөйкан шайлоо округу;
- Элнур Акылбеков — № 9 Кара-Суу шайлоо округу;
- Эркинбек Чодуев — №10 Куршаб шайлоо округу;
- Тынчтыкбек Төлөшов — №10 Куршаб шайлоо округу;
- Санжар Ибраимов — №11 Алай шайлоо округу;
- Жаманкул Галдыбаев — №11 Алай шайлоо округу;
- Абдисаит Каримбеков — №11 Алай шайлоо округу;
- Бакыт Бердалиев — №12 Өзгөн шайлоо округу;
- Аалы Карашев — №12 Өзгөн шайлоо округу;
- Манасмин Жумакадыр уулу — №12 Өзгөн шайлоо округу;
- Максатбек Мамбеткулов — №13 Москва шайлоо округу;
- Асан Шакиров — №13 Сузак шайлоо округу;
- Нурболот Мирзахмедов — № 13 Сузак шайлоо округу;
- Бакытбек Насырбеков — №16 Ноокен шайлоо округу;
- Айбек Алыбаев — №19 Токтогул шайлоо округу;
- Бөкөнбай Жаныбеков — №19 Кара-Суу шайлоо округу;
- Бакыт Кыдыралиев — №21 Талас шайлоо округу;
- Токтоналы Нусубалиев — №21 Талас шайлоо округу;
- Таалайбек Айталиев — №21 Талас шайлоо округу;
- Эркин Иманкулов — №22 Жайыл шайлоо округу;
- Ахматжан Мамутов — № 23 Москва шайлоо округу;
- Эмил Чакибаев — № 25 Аламүдүн шайлоо округу;
- Канат Исаев — №31 Чүй-Кемин шайлоо округу;
- Улан Карагулов — №31 Чүй-Кемин шайлоо округу;
- Айнагүл Самудинова — № 32 Кочкор шайлоо округу;
- Азамат Мелисов — № 32 Кочкор шайлоо округу;
- Элзат Саяк кызы — №33 Нарын шайлоо округу;
- Акылсайра Жумабекова — №35 Ак-Суу шайлоо округу;
- Салиман Малдыбаева — №36 Ыссык-Көл шайлоо округу.
Алгач БШК 321 талапкерди каттаган, эми болсо алардын саны 290 адамды түзөт.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.