Депутат Аалы Карашев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты

Аалы Карашев

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканы жөнүндө БШКга арыз берди. Ал талапкерлигин №12 Өзгөн шайлоо округунан көрсөткөн болчу.

Алгач БШК бир мандаттуу округдардан 321 талапкерди каттоодон өткөргөн. 9-ноябрга карата 18 киши парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты — алардын ичинде депутаттар Канат Исаев жана Айнуру Алтыбаева да бар.

Карашев 2017-жылы КСДП фракциясынан депутаттык мандатка ээ болгон. Ал буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары жана биринчи вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган.

Ал 2020-жылы сунушталган Конституциянын жаңы долбоорунун «демилгечилеринин» бири. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзам президенттин ыйгарым укуктарын бир канча кеңейткен. Бирок Карашев журналисттерге курган маегинде Конституциянын «демилгечиси да, автору да эмес экенин» айткан.

«Конституцияны жазууга мен аралашкан эмесмин. Тизмеде турам, бирок мен “конституциялык реформа керек, референдум аркылуу кабыл алынсын” дегенге кол койгом. Конституциянын жаңы долбоорун мен көргөн да, ага кол койгон да жокмун», — деген ал.

Буга карабастан Карашев конституциялык кеңештин курамына кирген. Аталган кеңешке президент Садыр Жапаровдун тарапташтары, экс-депутаттар, коомдук ишмерлер жана юристтер кирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.