Коронавирустан үч адам каза болуп, 53 жаңы учур катталды

Өлкөдө 21-ноябрга карата Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, 73 бейтап айыгып чыкты. Ал эми үч адам илдеттен көз жумду.

  • Бишкек шаары — 23;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Баткен облусу — 6;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Талас облусу — 3;
  • Ош облусу — 3;
  • Ош шаары — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 182 833 адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 442 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2723 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 447 бейтап, ал эми үй шартында 661 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 21-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны биринчи дозасын 3338 адам, ал эми экинчи дозасын 3817 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.