Баткен: Ат-Башынын акиминин орун басары Сүлүктүгө мэр болуп дайындалды

Максат Кадыркулов

Нарын облусунун Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов кызматынан бошотулуп Баткен облусунун Сүлүктү шаарына мэр болуп дайындалды. Аны облус башчысы Абдикарим Алимбаев 22-ноябрда калаа элине жана мэриянын жамаатына тааныштырды.

Жаңы кабыл алынган «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамга ылайык Кадыркуловду президент Садыр Жапаров өзү дайындады.

Ал эми буга чейинки мэр Абдысамат Халбеков жана вице-мэр Бавабек Ташев өз арыздарынын негизинде кызматтарынан бошотулушту.

Максат Кадыркулов ким?

Максат Кадыркулов 34 жашта, Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы КУУнун юридикалык факультетин, андан соң Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин Эл аралык экономика жана менеджмент институтун аяктаган.

Эмгек жолун 2005-жылы Ак-Жар айыл өкмөтүндө компьютердик маалымат боюнча адис болуп иштеп баштаган. Андан соң улгайгандарды үйүндө кароо боюнча соцкызматкер, Ат-Башынын акимиятында үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген.

2008-жылы Ак-Жар айылдык кеңешине депутат болуп шайланып, бир жыл эмгектенген.

Ал эми 2011-2013-жылдары райондук администрациянын экономиканы өнүктүрүү жана түз инвестицияларды тартуу секторун жетектеп, 2013-жылдан 2020-жылга чейин Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

2020-жылдын 17-мартында Кадыркулов Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Редактору: Айбике Адилет кызы

Жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзам президенттин укуктарын кантип кеңейтет?